24.05.2018 09:10

Россиялык серепчи Кыргызстандын Кытайга карызы өсүп баратканына тынчсыздануусун билдирди

Россиялык серепчи  Кыргызстандын Кытайга карызы өсүп баратканына тынчсыздануусун билдирди

Акыркы жылдары Кытай өлкөсүнүн Кыргызстанга инвестиция көп салып баштаганы байкалууда, деп билдирди россиялык  серепчи Константин Ларионов «Чоң Евразия өнөктөштүгү: ЕАЭБ менен «Бир алкак - бир жол» долбоорунун кесилиши» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө. Бул туурасында орусиялык маалымат агенттиги  Regnum.ru  жазып чыкты. 

Серепчинин айтымына караганда, Кытай Кыргызстанга көп инвестиция жумшап жиберди жана ал өлкө экономикасына салынган чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 37 пайызын түзүп калды. Ал ошондой эле, мамлекеттин Кытай тарапка болгон карызы да ылдам өсүп  баратканына тынчсыздануусун билдирди.

Ларионовдун айтымында, учурда Кыргызстандын аймагында 1 жарым миң кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары иштөөдө жана жыл өткөн сайын алардын саны улам көбөйүп баратат. 

«Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууга кызыкдар, бирок, алардын долбоорлоруна, анын ичинде инфратүзүм жаатындагы долбоорлоруна Кыргызстан өзү да кызыкдар. Продукция ташып келүү  21 %га көбөйдү, импорттук товар алмашуу 3,2 %га өстү. Импорт маселесинде Кытай алдыңкы орунда турат. Кытайдан импорттоо товар алмашуу түзүмүндө 37,6%ды түзөт, андан кийинки орунда Россия менен Казакстан турат», - деп белгилейт Ларионов. 

Эскерте кетсек, мамлекеттин тышкы карызы учурда 3,9 млрд долларга жетсе, анын 1,8 млрд долларын Кытайдан алган.