16.05.2020 12:03

Россиянын Оренбург облусундагы мекендештер качан алынып келээри айтылды

Россиянын Оренбург облусундагы мекендештер качан алынып келээри айтылды

2020-жылдын май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана  Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда учурда россия-казак чек арасында кайрадан 500дөй кыргыз жараны топтолгон.

“Белгилей кетчү нерсе, акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, чет мамлекеттердин аймагынан кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды сунуштаган учурлар көбөйдү. Тилекке каршы, бул адамдар жана түзүмдөр жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Алардын бул маселенин айланасындагы жеке PR-акциялары карапайым жарандарды адаштырууда”-деп айтылат маалыматта.

Өкмөт мекендештерди чагымчылдыкка алдырбоого жана күмөн булактардан алынган маалыматтарга, аны менен бирге учуу билеттерин сатып алуу, Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу транзиттик өтүүнү уюштуруу маселелери боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштагандарга ишенбөөгө чакырат.

Азыркы учурда коңшулаш мамлекеттер тарабынан коронавирус инфекциясынын тыштан келүүсүн азайтуу боюнча алдын алуу чаралары көрүлгөн, чек аралар убактылуу жабык, өзгөчө абал режими жана жарандардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген. Коңшу өлкөлөр тарабынан көрүлгөн, эң ириде адамдардын өмүрүн сактоого багытталган чараларды түшүнүү менен кабыл алуу абзел”-деп белгиленет.

 

       Белгилей кетсек,  7-майда 541 кыргыз жараны мекенине келген.