07.12.2019 10:50

С. Исаковдун жактоочусу жогорку инстанцияларга кайрылат

С. Исаковдун жактоочусу жогорку инстанцияларга кайрылат

Сапар Исаковдун жактоочулары соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияларга. Бул тууралуу мурунку премьеминимтрдин адвокаты Замир Жоошев “Апрель” телеканалынын кабарчысына билдирди.  

Айтымында алар алгач Бишкек шаардык сотуна кайрылып көрүшөт. Натыйжа чыкпаса Жогорку сотко чейин жетишет.

«Биздин туура чечим чыгаарына көзүбүз жетпесе дагы өкүмдүн үстүнөн арыз жазабыз. Мүмкүн БУУнун укук коргоо боюнча эл аралык комитетине дагы кайрылабыз», - дейт жактоочу.

Төрагалык кылган судья Инара Гилязетдинова өз алдынча чечим чыгарды деп ойлойсузбу деген суроого Замир Жоошев төмөндлөгучө жооп берди:

«Жеке пикирим менен бөлүшсөм, биз айыптоочу тарап менен жарышкан жокпуз. Биз айыптоочу жана судьялар менен кошо жарышып жаттык. Анткени ал башында эле айыптоочу тарапта болчу. Андыктан биз башынан эле кандай өкум чыгаарын сезгенбиз».

Эске салсак, Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялап, дипломатиялык рангдан ажыратып, мамлекеттик кызматтарды үч жыл ээлегенге бөгөт коюшту.

Тиешелүү чечимди күн мурун, 6-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук соту чыгарды.