14.03.2018 15:48

С. Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине катышат

С. Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине катышат

Сооронбай Жээнбеков  Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитине катышат. Бул тууралуу Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 

Анын айтымында, саммит 15-мартта өтөт. Анда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышат.

Жолугушуунун демилгечиси өзбек тарап болгон. Саммит учурунда 5 өлкө президенттеринин биргелешкен  кайрылуу жасоосу күтүлүүдө.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында эки мамлекет башчысы Жээнбеков менен Назарбаев жолугуп, күн тартибиндеги эки тараптуу маселелерди талкуулашаары болжолдонот.