11.06.2018 14:55

Сооронбай Жээнбековдун Кытайга сапары жыйынтыкталды

Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. Саммиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков шериктештикке кирген өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушуларды өткөрдү.

Белгилей кетсем, мамлекет башчы Кытайга төрт күн мурун учуп кеткен. Бул Сооронбай Жээнбековдун алгачкы мамлекеттик визити. Сапарынын алкагында коңшу өлкө лидери Си Цзиньпинь жана башка бир катар жогорку даражадагы өлкө чиновниктери жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Басымдуу бөлүгү экономикалык кызматташууга арналды. Анда кытай тарап кызматташууга кызыктар экенин айтып, грант түрүндө Кыргызстанга жүз миллионго жакын доллар бөлүп бермей болду. Ошондой эле биргелешкен ишканаларды ачуу тууралуу да пикир алмашышты.

Ошентип, Сооронбай Жээнбековдун чыгыш өлкөсүнө болгон сапары каарыды. Беш күндүк мамлекеттик визиттин урунтуу учурларына назарыңызды бурабыз.