02.03.2020 09:44

Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпай эле коюууну өтүндү

Садыр Жапаров тарапташтарын митингге чыкпай эле коюууну өтүндү

Садыр Жапаров кайрылуусунда өзүнүн боштондугун талап кылып, митингге чыгуунун кажети жок экенин эскерткен. Ал 2-мартка белгиленип жаткан митингди башка нукка буруп кетүү максатында атайын алдын-ала чагымчылар даярдалганы тууралуу маалыматы бар экенин белгилеп, тарапкерлеринен митингге чыкпай эле коюуну өтүнгөн.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Жапаровдун өз колу менен жазган катын өзүнүн Facebook-баракчасына жүктөдү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен.