02.03.2020 12:16

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Ала-Тоо аянтында свет өчүрүлдү

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Ала-Тоо аянтында свет өчүрүлдү

Ала-Тоо аянтында свет өчтү. Бүгүн ал жакта Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг уюштурушат. Бул тууралуу жеринен кабар алып жүргөн “Апрель” телеканалынын журналисти билдирди.

Анын маалыматына караганда, митингде элдин алдына чыгып сөз сүйлөгөндөр микрофону жок, кыйкырып сүйлөөгө аргасыз.

Мурдараак, социалдык тармактарда Ыссык-Көл облусунда уюлдук байланышта мучүлүштүктөр башталганы тууралуу маалымат тарап, аны бүгүнкүгө пландалган митинг менен байланыштырышкан.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров тарапташтарына кайрылып, каршылык акциясына чыкпоого үндөдү. Себебин болжолдуу чагымчылар менен түшүндүргөн.

Ал ортодо ички иштер министрлиги дагы билдирүү таратып, тартип бузгандарга катаал чаралар колдонулаарын эскертти.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Каракол шаарында митинг уюштуруп, ал убактагы экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталып, 2018-жылы 11 жыл 6 айга кесилип кеткен.