02.03.2020 10:21

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Бийликке 20 талап коюлат

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Бийликке 20 талап коюлат

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтчү нааразылык акциясында 20га жакын талап коюлат. Бул тууралуу Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын мүчөсү Бакай Аскарбаев билдирди. Анын айтымында, акцияда камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуудан башка өлкөдөгү сот реформасын жүргүзүү, саясий куугунтукту токтотуу, чек ара маселеси, банктан насыя алгандардын маселеси, коронавируска байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу талаптар коюлат.

Аскарбаев Жапаровго ырайым берилбей жатышын мыйзамга карата эки жүздүүлүк деп атап, президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча өз жообун айтышы керек экенин билдирди.

«Ошол кайрылууга 780 миң киши кол коюп берди», - деди Жапаровдун тарапкери.

Учурда Ала-Тоо аянтына акциянын катышуучулары чогулууда. Уюштуруучулар алар өлкөнүн ар кыл аймактарынын келишкенин билдиришти.

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын фервалдын башында билдирген. Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокуратуранын прокурору Абай Молдокматов Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай турганын билдирип, буларды белгилеген:

«Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт».

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Былтыр ноябрда Жогорку сот ага 10 жылдык жаза чектеген.