02.03.2020 12:33

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Чагымчыл аракеттер башталды

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Чагымчыл аракеттер башталды

Садыр Жапаровду колдоо максатында уюштурулган митингде провокация кылууга аракет кылгандар чыга башташты. Бул тууралуу жеринен маалымат алып жургөн “Апрель” телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов билдирди.

Анын маалыматына караганда, чогулган адамдардын жанына беткап кийген бейтааныш бирөөлөр келип, өздөрүн тааныштырышкан эмес. Алар колуна ЛГБТ-биримдигине каршыбыз деген жазууларды кармап алышкан.

Уюштуруучулар болсо муну провокация деп аташты.

Митингге катышып жаткандар беткапчан балдарды аянттан сырт чыгарып коюшкан. Уюштуруучулар чагымчылдарды ур-тепкиге алдырбай, абалды туруктуу сактап калышты. Ал эми алардын плакаттарын тытып, жок кылышкан.

Такталбаган маалыматтарга караганда, борбор аянтта болжол менен 2 миңге чукул жаран чогулган.