28.02.2020 10:33

Садыр Жапаровду колдоо митинги: ИИМ менен УКМК активисттердин аркасынан түштүбү?

Садыр Жапаровду колдоо митинги: ИИМ менен УКМК активисттердин аркасынан түштүбү?

2-март, биринчи күнү экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары тынч митинг уюштурууну пландап жатышат.

Бул иш чара боюнча коомчулук арасында кептер чыга баштады: Садыр Жапаров үчүнчү революцияны даярдап жатат дегенден тартып, Нарындагы логистикалык борбордун курулушуна нааразы болумуш этип акча үчүн элди социалдык тармактарда үгүттөп жатат деген сөздөр айтылууда.

«Апрель» телеканалынын өздүк булактарынын маалыматы боюнча мындай маалыматтарды ИИМ менен УКМК дыкат текшерип жатыптыр.

«Апрельге» маек берген жарандын маалыматы боюнча, эч бир себебин түшүндүрбөстөн адамдарды Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына чакырып, маалымат алышууда.

Дал ошондой формачандар менен маек курууга аргасыз болгон адамдын билдирүүсүнө караганда, укук коргоо кызматкерлери аны 2-мартта митингге чыкпай коюууга үндөшкөн. Айтымында ал буга чейин дагы каршылык акцияларына катышып келген.

Түрдүү акцияларга катышып жургөн адамдарды милицияга, УКМКга чакыра башташты деген маалыматты социалдык тармактардын айрым колдонуучулары дагы жаза башташты.