03.03.2020 09:55

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Каныбек Осмоналиев «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Каныбек Осмоналиев «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө

Бишкекте өткөн митингден кийин уюштуруучулар жана анын активдүү катышуучулары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке  алынып келинди. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-мартында Ала-Тоо аянтында өткөн митингдин уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар УКМКга алынып келинген. Алар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

«2-мартта жогоруда аты аталган адамдар Садыр Жапаровдун тарапташтары менен бирге Бишкек шаарында митинг уюштурушуп, массалык башаламандыкты уюштуруу чагымын жасашкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзам чегиндеги талаптарын аткаруудан баш тартышып, таш ыргытышкан. Ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарынын мүлкүн талкалап, Ак үйдүн аймагына кирүүгө аракет жасашкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык-кодексинин 39 жана 309-беренелерине («Бийликти күн менен басып алуу») боюнча каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Териштирүү иштери уланууда.