02.03.2020 15:55

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Каршылык акциясына чыккандар президенттин жообун талап кылышууда

Ала-Тоо аянтына митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары тараша элек. Алар президент бүгүн кабыл алуусун талап кылышууда. Бул тууралуу жеринен кабар алып жүргөн «Апрель» телеканалынын кабарчысы билдирди.

Президенттин аппаратынан кабарлашкандай, митинг боюнча түзүлгөн делегацияны үч күндүн ичинде делегаттардын расмий тизмеси даяр болгондо кабыл алышаарын билдиришкен. Бирок мындай жоопко саясатчынын тарапташтары ынанышкан эмес.

«Апрель»  телеканалынын кабарчысы маалымдагандай, митингдин уюштуруучулары чогулган адамдарды таркап кетүүсүн суранышкан. Бирок жарандар президенттин реакциясын күтүп турушат.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү митингде чагым уюштуруу аракеттери дагы байкалган. Белгисиз адамдар беткап кийип, колдоруна ЛГБТ-биримдигине каршыбыз деген жазууларды көтөрүп келишкен. Бирок аларды уюштуруучулар борбор аянттан чыгарып коюшкан.