02.03.2020 15:34

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Президентке саясатчынын 10 тарапташы жөнөп кетти

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Президентке саясатчынын 10 тарапташы жөнөп кетти

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 10 тарапкери президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн Ак үйгө кирди. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде саясатчыны колдоо кыймылынын мүчөсү Бакай Аскарбаев билдирди. Анын айтымында, аталган адамдар президент менен жолугуп чыкканга чейин митинг улана бермекчи.

Учурда митингдин катышуучулары Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат.

Акцияны Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев алып барууда.

Эске салсак, бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Белгилей кетсек, бүгүнкү митингде чагым уюштуруу аракеттери дагы байкалган. Белгисиз адамдар беткап кийип, колдоруна ЛГБТ-биримдигине каршыбыз деген жазууларды көтөрүп келишкен. Бирок аларды уюштуруучулар борбор аянттан чыгарып коюшкан.