19.12.2019 13:02

Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүүдө (Түз эфир)

Бишкектеги Максим Горький атындагы ботаникалык бакчасында Садыр Жапаровду колдоо максатында тынчтык митинги өтүүдө. 

Акцияга карапайым тургундар жана мурунку саясатчылар катышууда. Алар мурунку депутатка ырайым кылууну талап кылышууда.

Буга чейин мурунку депутат Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгону маалым болгон.

Экс-депутаттын тарапташтары миллион кол чогултуп, андан кийин президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү пландап жатышат. Мындан сырткары Садыр Жапаровдун жактоочулары ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн документтерди топтошууда.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.