03.03.2020 09:38

Садыр Жапаровду колдоо митингинде 18 милиция кызматкери жабыркады

Садыр Жапаровду колдоо митингинде 18 милиция кызматкери жабыркады

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден митингден кийин 18 милиционер ооруканага кайрылды. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Ички иштер кызматкерлери жеңил жаракат алгандыктан ооруканага жаткырылган жок.

Көкүрөгүнө желим ок тийген кыздан башка жарандар даарыгерлерге кайрылган эмес.

Эске салсак, күн мурун, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында саат 11:00дөн бери экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликке үч талап коюшкан:

  1. Саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу;
  2. Кумтөр көйгөйлөрүн чечүү;
  3. Коронавирустан коргонуу үчүн чек араларды жабуу.

Саат 18:00дөр чамасында митингчилер ак үйдү көздө бет алышып, бирок милиция кызматкерлери суу бүркүгүч, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, жарандарды борбор аянттан сүрүп чыгышкан.