12.02.2020 10:26

Садыр Жапаровдун эжеси эл аралык издөөдө

Садыр Жапаровдун эжеси эл аралык издөөдө

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын 11-февралда маалымдады. Ал 2007-жылы "Ысык-Көл инвест банкын" рейдерлик жол менен тартып алган деп айыпталып, 2015-жылы соттолгон.

Бишкектеги Октябрь райондук соту 2014-жылы октябрда Жапарованы Кылмыш кодексинин 30-183-беренелери (кошулуп кылмыш кылуу, арам акчаны адалдоо) боюнча айыптуу деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылы апрелде ага Кылмыш кодексинин 221-беренеси (коммерциялык ишканада кызмат абалынан пайдалануу), 166-берене (алдамчылык) боюнча кошумча эки айып коюлган. Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Жапарованы мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул тууралуу Азаттык үналгысы кабарлайт.

2015-жылы сентябрда Жогорку сот мурунку чечимдерди күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлигинын маалыматына караганда, Жапарова 2007-жылы апрель айында ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен "Ысык-Көл инвест банкын" тартып алган. Ошол эле жылдын август айында банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланган.

Жапарова учурда абакта жаткан Садыр Жапаровдун бир тууганы. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны 10 жылга кескен.

2019-жылы ноябрь айында Жапаров президенттен ырайым сураган.

Аны саясий себеп менен камалган деп эсептеген тарапкерлери өткөн аптада Жапаровду бошотуу талабы менен жер-жерлерде митинг өткөрүшкөн. Прокуратура аларга жооп кылып, Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбасын жана жатак абакка да которулбасын маалымдаган.