03.04.2019 18:18

Сагынбек Абдырахманов "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын артында ким турганын ачык айтты

Сагынбек Абдырахманов "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын артында ким турганын ачык айтты

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын артында кимдер турганы анык белгилүү болду. Алардын ысымдарын бүгүн кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов ачык атады. Президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков жана Иса Өмүркулов КСДПнын төрагалыгына татыктуу балдар, дейт Абдрахманов.

Ал эми Иса Өмүркулов башта 3-апрелде социал-демократтардын курултайы өтөт деп жар салып, өзү демилгелеген отурумга келбей койду.

"Атамбаевсиз КСДП" жыйналышына деги кимдер катышты жана кандай чечимдер кабыл алынды?