Саламаттыкты сактоо министрлиги жугуштуу ичеги-карын ооруларын алдын алууга чакырат

Саламаттыкты сактоо министрлиги жугуштуу ичеги-карын ооруларын алдын алууга чакырат

Быйылкы жылдын 5 айында өлкөдө жалпы жугуштуу ичеги-карын ооруларынын 1,2% га өсүшү байкалды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Былтыр ушул маалда ичеги-карын оорулары менен 6 миң 608 адам кайрылса, быйыл бул көрсөткүч 208  учурга көп.

Оорунун жогорку көрсөткүчтөрү Бишкек шаарында (132,8), Чүй (136,3), Ысык-Көл (132,5), Баткен (131,8) областтарында катталып, жалпы республикалык көрсөткүчтөн 22,2%, 25,4%, 21,9%, 21,2% га жогору болгон.

Жалпы ичеги-карын ооруларынын ичинен 64,5%  оорунун козгогучу аныкталбаган гастроэнтероколиттер, 32% оорунун козгогучу аныкталган гастроэнтероколиттер, ал эми 3,4 % бактериалдык дизентерия оорусу болгон.

Оорунун жогорулашы май-сентябрь айларына туура келет, ал эми август айы оорунун эң көп катталган мезгили болуп саналат. Оорунун булагы-оорулуу адам жана оорунун белгиси байкалбаган, бирок оорунун козгогучун алып жүргөн адамдар. 

Оорунун негизги себептеринин бири болуп, өздүк гигиенаны сактоо эрежелерин бузуу эсептелинет. Ошондуктан бул оору менен көбүнчө балдар көбүрөөк оорушат.

Маалымат үчүн:

Оорунун алгачкы белгилери: алдын кетүүсү, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, кусуу, ичтин көбүшү, оорушу, ичтин күнүнө 3-4 жолу өтүшү. 

Кусуу жана ич өтүү организмде сууну жоготууга алып келет.Ооруканага жаткыруу же үй шартында дарыланууну дарыгер гана чечет. Бейтапты үй шартында багуу учурунда, башкаларга жуктуруп албас үчүн алдын алуу чараларын так аткаруу керек. Бейтап төшөктө жатуу режимин сактоосу зарыл, ага өзүнчө идиш аяк жана сүлгү берилет, алар жугушсуздандырылат.

Бейтап өзүн-өзү дарылоодон баш тартуу мааниүү экенин эстен чыгарбашы керек. Бир гана дарыгер диагнозду туура коюп, дарылоо препараттарын жана дарылоо схемасын туура тандап, жагымсыз таасирлерге жол бербейт. Өз алдынча дарылануудан алыс болуңуз, анткени өз алдынча дарылануу сиздин абалыңыздын начарлап кетишине түрткү болот.

Курч кармаган ичеги-карын ооруларын алдын алуу:

  • өздүк гигиена эрежелерин сактоо;
  • дааратканадан баргандан кийин жана тамактан алдында колду самындап жууш керек;
  • жуулбаган мөмө жемиштерди , жашылчаларды жебеш керек жана балдарга бербөө керек, анткен аларга жерден, кир   колдон ичеги-карын ооруларынын козгогучтары өтөт;
  • жашылча-жемиштерди жана башка азыктарды чийки эт менен чогуу бир баштыкка салбоо керек;
  • тамак-аштын үстүнө чымындардын конуусуна жол бербегиле;
  • тез бузулуучу тамак-аш азыктарын-сүт, каймак, сыр, быштак, крем, салат, пирогдорду муздаткычта сактагыла;
  • көчөлөрдөн тез бузулуучу тамак-аштарды сатып албагыла.