Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Учурда Салайдин Авазов - камакта. Мэрлик кызматка чейин  «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген Салайдин Авазовду МУКК 17-апрелде  ЖЭБдеги  авариянын келип чыгышы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында шектүү катары  убактылуу кармоочу жайга киргизген.