17.12.2019 16:37

Сапар Исаковду соттук отурумга күчкө салып алып келишип, кайра чыгарып коюшту

Сапар Исаковду соттук отурумга күчкө салып алып келишип, кайра чыгарып коюшту

Бүгүн, 17-декабрда Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча кылмыш иши каралып баштады.

Соттук процесс судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүүдө.

24.kg маалымат агенттигинин кабарлаганына караганда Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковду башында соттук процесске мажбурлап алып келишсе, көп өтпөй кайра чыгарып коюшкан.

Белгилүү болгондой, айыпталуучу алгач куч колдонулуп жатканын айтып, Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганына каршылык көрсөтүп жатканын билдирген.

 «Азыр мамлекетти раим-миллиондор башкарып калган. Мен каршылык билдирем. Эмнеге силер мени күчкө салып алып келдиңер? Сотту мен жок уланта бергиле. Мен макулмун. Мен бул оюндарга катышпайм», - дейт С. Исаков.

Мындан улам, судья Марат Сыдыков Сапар Исаковду “соттук териштирүүнүн тартибин системдүү бузганына жараша” деген жүйөө менен залдан чыгарып койгон.