03.10.2018 17:59

Сапар Исаковдун ишин тергөө боюнча эч кандай жылыш жок

Сапар Исаковдун ишин тергөө боюнча эч кандай жылыш жок

Сапар Исаков 5-декабрга чейин камакта калтырылды. Ал менен чогуу кирген мамлекеттик кызматкерлердин да баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй келет. Тергөө өз нугунда жүрүп жатат, деп УКМКдан билдиришкени менен, иш өндүрүмү ордунан жыла элек. 5-июнда кармалган Сапар Исаков 120 күндөн бери тергөө абагында кармалууда. Төрт айдан бери жүргүзүлгөн тергөөнүн дайыны белгисиз. Бул жерде кылмыш иши эмес, саясат басымдуулук кылууда дешет юристтер.