15.06.2018 14:34

Сапар Исаковдун отчетун жактырбаган депутаттар Мухаммедкалый Абылгазиевден дал ошол отчетту кабыл алды

Абсурд. Бул сөз менен Жогорку Кеңеште жаралган, өтүп бараткан жумадагы абалды сүрөттөгөндөр жок эмес. Буга чейин Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөй, анын командасын кетирген эл өкүлдөрү кечээ жаңы келген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылга карата отчетун угушту. Кызыгы, ал учурда өкмөттү Сапар Исаков жана Сооронбай Жээнбеков жетектеген. Андыктан эл өкүлдөрү эмне кылышты билбей баштары катты. 

Айрымдары суроо-жоопсуз эле өкмөттү бошотолу дешсе, экинчилери Абылгазиев берген отчетко начар деген баа берели деп чыгышты.