26.07.2019 22:33

Сапар Исаковдун туулган күнүндө аны колдоо митинги өтөт

Сапар Исаковдун туулган күнүндө аны колдоо митинги өтөт

Нарын облусунун Кочкор айылында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду колдоо митинги өтөт. Бул тууралуу КСДП партиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, митинг 29-июлда саат 15:00гө белгиленди.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга коррупциялык иштерге катыштыгы болгон деген айып менен камакка алынган. Азыркы тапта бул иш боюнча сот процесси жүрүп жатат. Бирок анын адвокаттары айыптоочу тарап эч кандай далилдерди келтире албай жатканын бир нече ирээт айтышкан. Сапар Исаков өзү болсо ишти ачык эле саясий буюртма экенин белгилеп келет.