11.04.2018 15:32

Сапар Исаковдун өкмөтү эмне кылууга жетишти?

УКМК төрагасы Абдиль Сегизбаев кетип, кезек башкы прокурорго жетти. Андан кийин премьер-министр кеткени жатат деген күбүр-шыбырлар жаңыра баштады. Сапар Исаков өлкөнүн тарыхындагы 31-өкмөт башчы. Калыстык үчүн айта турган болсок, сандан жаңылткан көп премьерлердин арасынан өзүнүн жөнөкөйлүгү жана тазалыгы менен айырмаланып, эл үмүт арткан саясатчы. Кырктын кырын ашкан Исаков 2017-жылдын август айынан бери министрлер кабинетин жетектеп келет. Исаков алгачкы күнүнөн тарта "Таза" сөзүнөн башталган бир катар долбоорлорду сунуштап келет. ""Таза эмес" саясатта ойлогон ойдун баарын ишке ашырыш оңойго турбасы түшүнүктүү. Анын бул кызматта отурганына сегиз ай болгонун эске алганда, жөжөнү санай турган күз мезгили келе элек.