13.12.2019 09:30

Саясатчы Равшан Жээнбеков массалык башаламандык уюштурууга шектелип, камакка алынды

Ички иштер министрлиги  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынганын ырастады.

Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган.

Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайында отурат.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.