14.11.2018 12:17

Саясий курултай Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө баа берет

Саясий курултай Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө баа берет

Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгүнө баа берген курултай өтөт. Жыйынга чогулгандар элегинен бир гана азыркы эмес, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Жогорку Кенешти да өткөрө турган болушуптур. Курултай деп жар салгандардын катарында мурда-кийин саясатта жүрүп, маалында мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдар көп.