06.12.2019 11:50

Саймаитинин өлүмү: УКМК жаңы маалыматтар менен бөлүшүп турууну убадалады

УКМК журналисттик иликтөөдө айтылгандарга байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов сурак беришти.

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы экс-консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков күбө катары суракка чакырылышкан.

УКМК белгилегендей, журналисттик иликтөөнүн негизинде Башкы прокуратура Жазык кодексинин “Киши өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материалдарды каттаган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу ишин улантууда.

«Тергөө ишинин жүрүшү тууралуу коомчулукка тынымсыз маалымат таратып турабыз», -деп белгилейт УКМК.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.