Селден жабыркаган баткендиктерге жылуу кийим жеткирүүгө унаа керек

Селден жабыркаган баткендиктерге жылуу кийим жеткирүүгө унаа керек

Бишкектен Баткенге селден жабыркаган айыл тургундарына жылуу кийим жеткирүү үчүн жүк ташуучу унаа керек. Мына ушундай өзгөчө билдирүү  менен «Элим, барсыңбы» кайрымдуулук коомдук фонду April.kg порталына кайрылды.

Аталган фонд 15-июнда катуу жааган жаандан улам жүргөн селден жабыркаган Баткен облусундагы бир канча айыл тургундарына жардам катары 1000 кг жылуу кийимдерди чогулткан. Эми аларды  Бишкектен Баткенге жеткирүү көйгөйү келип чыкты.

Кайрымдуулук фонду бирөөнүн кайгысына кайдыгер эмес жарандардан жүктү жеткиришүүгө жардам сурайт. Ошондой эле, селден жабыр тарткандарга биринчи жардам катары азык-түлүк, кийим-кече жагынан көмөктөшүүгө  даяр адамдарды төмөнкү номерлерге байланышууга чакырат:  0772 55 20 15 же 0772 00 20 15 автоунаа боюнча 0778 82 10 14