25.02.2020 14:40

Сергей Слесарев: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы көтөрүлбөй жатат

Сергей Слесарев: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы көтөрүлбөй жатат

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин кан басымы көтөрүлбөй жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, мурунку мамлекет башчынын кан басымы туруксуз, айрыкча эртең мененкисин кескин төмөндөп кетет.

 «УКМКнын убактылуу кармоочу жайында спортзал жок. Ал жакта болгону дене тарбия  менен машыга турчу бөлмө бар. Алмазбек Атамбаев камерасынан чыгып, өтө оор эмес көнүгүүлөрдү аткарып жатат. Кан басымын көтөрүш үчүн кара чай ичүүдө», - деп билдирет жактоочу.

Мындан сырткары адвокат экс-президент ооруканада дарыланууга муктаж экенин кошумчалап, жактоочулар аны бейтапканага которуу тууралуу өтунүч келтирээрин кошумчалады.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасынын кан басымы кескин төмөндөп, инфаркт болуу коркунучу туулгандыгын билдиришкен. Маалыматты экс-президенттин адвокаты дагы тастыктаган.

Бирок УКМК Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ага дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып тураарын билдирген.

Көп өтпөй, Алмазбек Атамбаевге акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирип чыгышкан. Алар дагы экс-президенттин ден соолугу начарлап жатканын ырасташкан.