07.10.2019 14:29

Шахтадагы адам өлүмү. Көмүр казган компанияларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды

  Шахтадагы кырсык (2 материала)
Шахтадагы адам өлүмү. Көмүр казган компанияларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев адамдардын өлүмүнө алып келген Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Эскерте кетсек, 5-6-октябрь күндөрү Баткен облусундагы эки шахтада болгон кырсыктан  алты адам каза тапкан. Жыйындын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтада каза тапкан 6 жаран газга ууланганын маалымдады.

Анын айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан улам болгон. Ал эми Лейлек районунда болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан улам  үч жаран каза болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгон жарандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты жана жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалады.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүүнү тапшырды. 

«Иш токтотулган тилкелерде иштөөгө эч кандай жол берилбеш керек, себеби бул ушундай кесепеттерге – адам өлүмүнө алып келет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүчү натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу тапшырмасын берди.