10.02.2020 10:23

Шайлоо-2020: Депутат Алтынбек Сулаймановдун кезектеги пиар-акциясы

Шайлоо-2020: Депутат Алтынбек Сулаймановдун кезектеги пиар-акциясы

Өткөн аптада социалдык тармактарда парламенттин депутаты Алтын Сулаймановдун тасмасы тарап, талкууга түшкөн. Анда эл өкүлү Ош базарынан манты жеп отурганын көрүүгө болот. Кырнеттин колдонуучулары тасманы тамашага салышып, 2020-жылда өтө турчу парламенттик шайлоонун алдындагы пиар-акция деп аташкан.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Ош базарынын мантысынан ооз тийдик )))

Публикация от Алтынбек Сулайманов (@altynbek_sulaimanov) 1 Фев 2020 в 11:35 PST

Көп өтпөй депутаттын коронавирус менен күрөшуп жаткан сүрөтү тарады. Анда парламентарий элди бет кап тагынып жүрүүгө үндөгөн.

Алтынбек Сулайманов соц.тармакты активдүү колдоно баштады. Жакындале ал дагы бир видео жүктөдү. Өзүнүн Instagram-баракчасына Ноокаттагы айылдык балдар менен волейбол ойноп жаткан видеосун киргизген.