20.02.2020 11:11

Шайлоо-2020: Президенттин баамында саясий партиялардын 9% шайлоо босогосунан өтүүгө күчү жетпейт

Шайлоо-2020: Президенттин баамында саясий партиялардын 9% шайлоо босогосунан өтүүгө күчү жетпейт

Бүгүн, 20-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин отурумна катышты. Өлкө башчы депутаттардын алдында сөз сүйлөп жатып, шайлоодогу пайыздык өтмөккө токтолуп кетти. Айтымында учурда Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүүсүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес.

"Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген пикирлер айтылууда. 9 пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент – партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз бул – биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат», - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми шайлоо босогосун 7% түшүрчү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда.

Белгилей кетсек, мурдараак (IRI) Эл аралык Республикалык институт өз изилдөөсүн жарыялап, анда Кыргызстандын үч партиясынын 9 пайыздык чектен ашууга күчү жетээрин билдирген. Алар «Республика», КСДП жана «Ата-Мекен»

Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке барам деген партиялар бардык добуш берүү бекеттерине келген шайлоочулардын добушунун 9 пайыздан кем эмесин алууга тийиш.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.