17.02.2020 12:14

Шайлоо-2020: Үч партия гана 9 пайыздык чектен аша алат. Алардын бири КСДП

Шайлоо-2020: Үч партия гана 9 пайыздык чектен аша алат. Алардын бири КСДП

“Эгер шайлоо келе жаткан дем алыш күнү өтуп калса, кайсы партияга добуш берет элеңиз?”. Дал ушундай суроо менен (IRI) эл аралык республикалык институт жарандарга кайрылган.  

Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү “Билбейм” деген жооп кайтарган.

Партияларды салыштырууда биринчи орунга «Республика» (18%)  добуш менен арзыган. Экинчи орунга КСДП (11%) илинген. Үчүнчү орунду болсо «Ата-Мекен» (10%) добуш менен ээлеген.

Ал эми сурамжылоого катышкандардын 11 пайызы “баарына каршы” деп жооп беришкен.

Мындан улам изилдөөнүн жыйынтыгына жараша шайлоо өнөктүгү учурунда 9 пайыздык чектен болгону аталган үч партия аша алат.

Сурамжылоо Кыргызстанда 21-ноябрдан тартып, 2019-жылдын 3-декабрына чейин созулган. Аны үймө-үч кыдырып жүргүзүшкөн.  

Изилдөөгө шайлоого укугу бар 18 жаштан жогору болгон 1 483 адам катышкан.

Эске салсак, жарандар Кыргызстандын көйгөйлөрүн ким чечип бере алат деген суроого үч партияны көрсөтүшкөн. Арасында КСДП дагы бар. Кененирээк бул жактан окусаңыз болот.

Сурамдылоонун жыйынтыгы тууралуу кененирээк тиркеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот.

Толуктоо. IRI – бул коммерциялык эмес уюм. Анын максаты демакратияны куруу боюнча айрым өлкөлөргө жардам берүү.

Аталган уюм Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомдук пикирди байкоо үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп турат.  

Жыйынтыктарын жарыялаган соң, IRI уюму топтолгон маалыматты саясий партиялардын ишин илгерилетүү үчүн тренингдерди өткөрүп турат.