23.12.2019 15:30

Ширин Айтматова: Сыргак Кенжебаевдин камалышы - "Үмүт-2020" кыймылынын ишмердүүлүгү менен байланыштуу

Ширин Айтматова: Сыргак Кенжебаевдин камалышы - "Үмүт-2020" кыймылынын ишмердүүлүгү менен байланыштуу

Сыргак Кенжебаевдин камакка алынганына карабастан, “Үмүт-2020” элдик кыймылы өз ишин улантат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда экс-депутат Ширин Айтматова аталган уюмдун YouTube-каналында кайрылуу жасап жатып билдирди.

Эске салсак, 20-декабрда “Үмүт-2020” кыймылынын мүчөсү жана Ш.Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди Алматынын аба майданынан кармап кетишкен. ИИМ жана УКМКнын маалыматына караганда, ал эки кылмыш иши боюнча шектелип жатат. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен С. Кенжебаев убактылуу кармоочу жайга 20-февралга чейин камалган.

Айтматованын билдирүүсүнө караганда С. Кенжебаевдин кармалышы жана ага айып тагылып жаткандыгы тууралуу керек болсо туугандарына дагы кабарлабай коюшкан.

«Сот жабык эшик артында өттү. Соттун имаратына анын мамасын, туугандарын, ЖМКларды киргизбей коюшту. Бул кырдаал 37-жылдарга окшошуп кетет – ал убакта Сталиндин репрессиясы өкүм сүрүп, кыргыздын чыгаан уулдарын соту, тергөөсү жок эле атып салышкан. Менин чоң атам Төрөкул Айтматов өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту болгон. Аны Москвадан кармашып, Фрунзе шаарында 1938-жылы атып салышкан.

Менин жолдошумдун камалышы – “Үмүт-2020” элдик кыймылынын ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланышы бар деп эсептейбиз. Бул камоо менен биздин уурлар менен болгон күрөшүбүздү токтоткулары келип жатышат. Укук коргоо органдары коррупция менен курөшкөндүн ордуна өлкөнү  уурулардан тазалаганга аракет кылып жаткан биз менен алышып отурушат. Күйөөмдүн камалганына, “Үмүт-2020” элдик кыймылынын тарапташтарынын куугунтукталганына карабастан, биздин өлкөдө адилеттүүлүктүн орношу үчүн күрөштү токтотпой, жылдар бою карапайым калктын нанын уурдап жеп келе жаткан уурулар менен акырына чейин күрөшөбүз. Биз багынбайбыз! Биздин үндү эч ким баса албайт!» - деп белгилейт экс-депутат.

Эске салсак, Ширин Айтматова уурулардын, коррупционерлердин жүзүн ачып, мандатын өз кызыкчылыгы, байлыгы үчүн колдонуп жаткан депутаттарды көрсөтүп, өлкөнүн өнүгүүсүнүн альтернативдик жолдорун сунушташ үчүн “Үмүт-2020” элдик кыймылын түзгөн.