07.06.2018 18:23

Сокулук районундагы ЖАМК аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер атынып өлдү

Сокулук районундагы ЖАМК аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер атынып өлдү

Сокулук районундагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган  №19 түзөтүү абагында кечээ, 6-июнда аскерге кызмат өтөөгө келген жоокер атынып алды. Бул туурасында April.kg порталына ЖАМКтын маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, ал жазында эле кызмат өтөөгө чакырылган.  Жоокер, 18 жаштагы Ош облусунун жараны, ал күнү  күзөттө турган.

Эмне себептен өзүн атканы али белгисиз. Аскер прокуратурасы иликтөөнү баштады.