09.07.2018 12:27

Сооронбай Жээнбеков  Анкара шаарына учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков  Анкара шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарына Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына катышуу үчүн учуп кетти. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматта, «Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда Анкара шаарына Түркиянын Президентинин инаугурация аземине катышуу үчүн учуп кетти», -деп жазылат.