25.12.2019 14:11

Сооронбай Жээнбеков: Абдукадыр Хабибулла менен мамилем жок

Сооронбай Жээнбеков: Абдукадыр Хабибулла менен мамилем жок

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.

Анын жүрүшүндө чуулгандуу Абдукадыр Хабибулла тууралуу дагы суроо узатышып, ал кантип инаугурацияга келип, сыйлуу оурнда, президенттин туугандарынын жанында отуруп калганын такташты. Өз кезегинде өлкө башчы аталган кишини тааный турганын танган жок.

“Хабибулла боюнча өткөндө айткам. Басма сөз кызматым тараткан маалыматты кааласаң кайталап берейин. Инаугурацияга адамдарды чакыруу, аларды отургузуу иштерин мурунку президенттин аппараты алып барган. Мен бул кишини тааныйм. Ошто иштеп турганда 2012-2013-жылдары бизнес форумда иниси менен таанышкам. 2017-жылы Атамбаев үчөөбүз жолукканбыз”, - дейт С. Жээнбеков.

Айтымында Абдукадыр Хабибулла менен мамилеси жок.

“Көбү мага ошону жабыштыргысы келип атат. Бирок мага бул жабышпайт. Мен өмүр бою таза келгем, ниетим дагы таза. Убакыт өзү көргөзөт”, - деп өлкө башчы сөзүн жыйынтыктады.