03.10.2018 17:37

Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Ангела Меркелди  Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркелди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы Германия элин Германия Федеративдүү Республикасынын улуттук майрамы — Германиянын биримдик күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биздин эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу саясий диалогдун жана кызматташуунун ар кандай деңгээлинде ишенимдүү байланыштар түзүлгөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достук жана кызматташтык биздин мамлекеттердин жана элдердин жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы өнүгө берээрине ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Германиянын канцлери Ангела Меркелге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматында мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос Германия элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.