13.09.2018 14:00

Сооронбай Жээнбеков Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сооронбай Жээнбеков Армения өкмөт башчысы Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 13-сентябрда Армения тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосунда кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.