26.12.2019 10:30

Сооронбай Жээнбеков Азимбек Бекназаровду Малайзиядагы элчилик кызматка бекитти

Сооронбай Жээнбеков Азимбек Бекназаровду Малайзиядагы элчилик кызматка бекитти

Сооронбай Жээнбеков Азимбек Бекназаровду Малайзиядагы элчилик кызматка бекитти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Мурдараак анын талапкерлигин эл аралык иштер боюнча парламенттик комитет бекитип берген.

Белгилей кетсек, мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде чыр чыккан. Мурунку элчи Кылычбек Султан дипломатиялык элчиликте жемкорлуктар тууралуу билдирүү жасаган. Коопсуздук кеңеши болсо Кылычбек Султандын өзүн айыптап чыккан.