25.12.2019 12:42

Сооронбай Жээнбеков: Бажы кызматы эгемендүүлүк алгандан бери май-талкандуу коррупцияга малынган адамдардын уюгуна айланган

Сооронбай Жээнбеков: Бажы кызматы эгемендүүлүк алгандан бери май-талкандуу коррупцияга малынган адамдардын уюгуна айланган

Сооронбай Жээнбеков: Өмүрбек Бабановго 25 суроону тергөө кызматтары беришет

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жайыны өтүүдө.

Мамлекет башчыга коррупция менен күрөш тууралуу, Раим Матраимовдордун байлыгы тууралуу дагы суроо узатылды.

Өз кезегинде мамалекет башчы бажы тармагындагы ачыкталып жаткан коррупциялык иштер эл аралык масштабдагы маселеге айланып жатканын белигледи.

 “Кыргыз элибиз коррупцияны жек көрөт. Коррупцияны толук жое албасам дагы кыскартыш үчүн аракет кылам. Коррупцияны санариптештирүү аркылуу жоебуз. Система түзүп, түндүк электрондук система иштей баштайт. Элеттин эли адилет, чынчыл баардык нерсени бетке айтат. Ушул коррупция менен күрөш, элдин ырыскысын жегендердин маселеси жүрөгүмдө”, - дейт мамлекет башчы.

Айтымында чоң акча айланган жерде коррупция болот.

“Бажы кызматы эгемендүүлүк алгандан бери май-талкандуу коррупцияга малынган адамдардын уюгуна айланган. Бажыда болобу, салыкта болобу коррупцияны жоготуш  - менин максатым. Мөөнөтүм бүткөндө башымды көтөрүп жүрө тургандай аракет кылыш керек. Элге берген аманатты аткарайын деген максатым бар”, - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары, мамлекет башчы массалык маалымат каражаттарына ыраазычылыгын билдирип, фактылар болсо, бөлүшө берүүсүн айтты.

“Бажы кызматында ошол эгемен жылдары Матраимов сымал коррупционерлер жүздөп чыккан. Алардын үй-мүлкү бириникинен бири ашат. Райым Матраимов боюнча, коррупционерлердин саясий технологдору Райым Матраимовду кооррупциялык символ кылып туруп, мага жабыштыргысы келип атат”, - деп белгиледи өлкө башчы.

Айтымында бул иштин аягына чыгышына өзү дагы кызыкдар.