17.10.2018 18:37

Сооронбай Жээнбеков бир жылдын ичинде эмне кылганга жетишти?

Сооронбай Жээнбеков бир жылдын ичинде эмне кылганга жетишти?

Жөжөнү санай турган күз келди. Туура бир жыл мурда президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыяланып, өлкөнү башкаруу укугу тынчтык жолу менен Сооронбай Жээнбековдун колуна тапшырылган. Бул Кыргызстанда тарыхый окуя болду. Ал учурда адаттагыдай эле, Кыргызстандыктарга убадалар берилген, убакыт өз жумушун аткарып 12 айды артта калтырды. Бул аралыкта жакшы жылыштар болгонун айткандар да жок эмес. Бирок, өзгөрүү бул эки-үч кишинин камалышы эмес, экономиканын өргө карай жылышы болуш керек.