24.09.2018 09:20

Сооронбай Жээнбеков БУУнун жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт

Сооронбай Жээнбеков БУУнун жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йоркко учуп келди. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.