25.12.2019 13:16

Сооронбай Жээнбеков: Экс-президент менен мамиле жүрөгүмдү оорутат

Сооронбай Жээнбеков: Экс-президент менен мамиле жүрөгүмдү оорутат

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өтүүдө.

Басма сөз жыйынында Алмазбек Атамбаев боюнча суроо узатылды. Ага өлкө башчы жооп берип жатып, бул маселе анын жүрөгүн оорутарын белгилеп, бирок убакыт өтүп кеткенин, эми аталган маселени сот бийлиги чечээрин билдирди.

“Бул маселе оңой маселе эмес. Мен президент болгондон бери мен бирда сөз айткан жокмун. Мага мамлекеттин бүтүндүгү бийик турат. Кантип айтса, эмне кылып, сөз айтса дагы мен унчуккан жокмун. Өзүңөр баа бергиле”, - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Айтымында аталган көйгөй өз нугуна түшөт деп көпкө чейин күткөн.

“Баардыгына чыдадым, күттүм токтоор деп. Бирок мени, өзүн, мамлекетти дагы туңгуюкка алып келип салды”, - дейт мамлекет башчы.

Айтымында эми бул мурунку жана азыркы президенттер чече турчу маселе эмес. Ал азыр сот бийлигинин колунда.