01.10.2018 09:00

Сооронбай Жээнбеков Индонезия президентине көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков Индонезия президентине көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиядагы цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезиянын Президенти Джоко Видодого көнүл айтты, деп билдирет президенттин маалымат кызматы. 

«Индонезия Республикасынын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», - деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.