29.08.2018 14:18

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасы тууралуу макулдашууга кол койду

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасы тууралуу макулдашууга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Макулдашууда кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасынын чек ара режимине мамлекеттик чек араны кармоо жана кесип өтүү, мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү, чек ара чыр-чатактарын чечүү, мамлекеттик чек арада чарбалык, аң улоо жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү маселелери камтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.