25.12.2019 11:28

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлдү

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлдү

Бүгүн, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жайыны өтүүдө.

Сөз башында мамлекет башчы Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлдү деп билдирди.

Айтымында, аймактарды каржылоо кескин түрдө жогорулатылды.

“Мөөнөтүм бүткөнчө бардык муктаж айылдар таза суу менен камсыз болот” деди Жээнбеков.

Эки жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу айтып жатып президент “Коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон тышкы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш жана сот-укуктук реформа багытында пландарды ишке ашыруу менен алек болдум” деп белгиледи.

Президенттин быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөнү кабарланган. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер.