08.08.2018 09:00

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүштү

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүштү

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев  менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, 3-сентябрда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүшү белгиленген  Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кызматташуу кеңешинин 6-Саммити тууралуу сүйлөшүштү.