05.10.2018 11:37

Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн мугалимдерин, билим берүү тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун маалымат кызматы таратты. 

текстти толук беребиз:
«Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Бул күн ар бирибизге жылуу сезимдерди тартуулайт. Биздин жүрөгүбүзгө билим нурун салган мугалимдерибизге таазим этебиз. Билим дүйнөсүнүн ачкычы мугалимде. 
Чыныгы мугалим жаш муундарды билим менен гана сугарбастан, адамдык мыкты сапаттарга үйрөтөт, турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Мугалим — тарбия башаты. 
Өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу билим менен бекем байланышкан. Мамлекеттин саясатында билим берүү — артыкчылыктуу багыт. Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз. 
Урматтуу мугалимдер, мындан ары да сиздер эгемендүү Кыргызстандын татыктуу жарандарын калыптандырууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп ишенем.
Сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен баардыгыңыздарга бакыт-таалай, чың ден-соолук, бакубаттуулук каалайм. Ишиңиздерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн!»