26.11.2018 13:58

Сооронбай Жээнбеков президенттигинин биринчи жылында эмне жасады?

Сооронбай Жээнбеков президенттигинин биринчи жылында эмне жасады?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев такты өткөрүп бергенден бир жылдан кийин бир катар билдирүүлөрдү жасап, анын сөздөрү цитаталарга чачырап, кыскасы кызуу талкууга жем таштады. Анын аягы азыр деле тыйыла элек.

Ал арада учурдагы мамлекет башчы экс-спикер жана мурдагы өкмөт башчыларды резиденцияда чогултуп, пикир алмашып, алардын кеңештерине кулак салды.

Айтмакчы, Жээнбеков ант берип, президенттикке келгенине туура бир жыл толду. Бир жыл президенттин ишине баа берүү жетиштүү мөөнөтпү?-деген суроо турат. Малайзия же башка деп алыс барбай, Өзбекстан же Армениядагы өзгөрүүлөр, жылыштарды эске алсак, жетиштүү. Бирок, жыйынтык чыгаралы десек мамлекеттик маанилүү реформалардын учу көрүнбөйт. Сооронбай Шарипович бир жыл өз позициясын бекемдөө менен алек болду.